Коронавируска каршы эмдөө пункттары өлкөнүн бардык аймактарында ачылды

Республиканын бардык аймактарында коронавируска каршы эмдөө пункттары ачылды. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришкендей, 12-апрелде убактылуу эмдөө жайлары аймактардагы ооруканалардын, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун базасында ачылды.

Бишкек шаары:

- №1, №2, №3, №4, №5, №6, №7 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору.

Чүй облусу:

- Аламүдүн району, Лебединовка айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
- Ысык-Ата районундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
- Чүй районундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
- Кемин районундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
- Сокулук районундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
- Москва району, Беловодское айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
- Жайыл району, Кара-Балта шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
- Панфилов району, Панфилов айылындагы жалпы дарыгерлик практикалык борбору.

Ош шаары:

- №1, №10 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору.

Ош облусу:

- Кара-Суу районундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
- Араван районундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
- Кара-Кулжа районундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
- Өзгөн районундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
- Куршабдагы жалпы дарыгерлик практика борбору;
- Ноокат районунда Медигос жана Барын үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
- Алай районундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
- Чоң-Алай районундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору.

Жалал-Абад облусу:

- Ноокен районундагы аймактык оорукананын базасы;
- Майлуу-Суу шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
- Базар-Коргондогу үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
- Ала-Бука районундагы аймактык оорукананын базасы;
- Аксы районундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору.

Баткен облусу:

- Баткен шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору.

Талас облусу:

- Талас шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
- Кара-Буура районундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору.

Ысык-Көл облусу:

- Балыкчы жана Чолпон-Ата шаарларындагы жалпы дарыгерлик практикалык борбору.

Нарын облусу:

- Нарын шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу;
- Ат-Башы районундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
- Ак-Талаа районундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
- Кочкор районундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
- Жумгал районундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан