Бир сутка ичинде COVID-19 илдети 371 адамдан аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 169 адам коронавирус илдетине кабылган. Калгандары:
Ош шаары - 40;
Чүй облусу – 91;
Ош облусу - 20;
Талас облусу - 5;
Нарын облусу - 8;
Ысык-Көл облусу – 24;
Жалал-Абад облусу – 13;
Баткен облусу - 1.
Өлкө боюнча пандемия башталгандан бери жалпысынан 105 миң 840 адам илдетти жуктуруп алган.