Дүйнө жүзүнө тарап жаткан коронавирус COVID-19 илдетинен жабыркагандардын саны күн санап өсүүдө.
Бүгүн, 27-март саат 13:00гө карата коронавирустан каза болгондор катталган алдыңкы 10 өлкөнүн тизмеси жарыяланган. Анда Италияда каза болгондордун саны 8215 адамга жетип, бул мамлекет дүйнөлүк тизменин сап башына чыкты.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы Италияда жашап, иштеп жана окуп жаткан мекендештерибизден кабар алып, алардын абалын жана Италия мамлекетинде болуп жаткан учурдагы кырдаал тууралуу сурады.
Италиянын Фабриано деп аталган шаарчада үй-бүлөсү менен жашап жаткан Айгерим Кенжебаева аттуу мекендешибиз италиялыктардын пандемияга болгон көңүл кош мамилеси вирустун жайылышына жол берип жатканына токтолду.
- Айгерим, саламатсызбы! Учурда силер жашап жаткан аймакта дагы Кыргыз жарандары барбы? Абалыңар кандай?
- Бул жакта бизде абал начар десем болот. Карантин жарыяланып, бир айдан ашык үйдө отурабыз. Италия жетекчилиги изоляцияда 31-июлга чейин болорубузду айтып жатышат. Анткени бул жакта кырдаал жакшырган жок. Коронавирус жуктуруп алгандар көп болуп, андан каза тапкандар дагы аз эмес. Биз Италиянын борбордук бөлүгүндөгү шаарчада жашайбыз. Бул жакта кыргыздар аз. Алардын абалы учурда жакшы эле, арасында жуктуруп алгандар жок. Бардык эрежелерди сактап, үйдөн көп чыкпаганга аракет кылып жатабыз. Окууларды дистанциялык түрдө окуп жатабыз.
- Ал эми жалпы Италиядагы кырдаал тууралуу айтып бере аласызбы? Эмне үчүн ал жакта вирусту жуктуруп алгандардын саны күн санап өсүүдө?
- Анткени бул жакта карантиндин шарттары жакшы сакталган жок. Көп адамдар эч кандай себепсиз эле көчөлөрдө сейилдеп жүрүшөт. Көчөгө чыгууга зарылчылыгы жок жүргөндөргө айып салып, ал эми айдоочулардын автоунаалары конфискацияланары айтылган. Бирок мамлекеттин айткандарын укпай сыртта жүргөндөр бар. Бир жагынан аларды катуу көзөмөлгө деле алышкан жок. Анткени мен ар бир он күндө үйгө азык-түлүк алуу үчүн чыгып турам. Ошондо деле адамдар иттери менен сейилдеп же башка зарыл жумушу жок болсо деле жүргөнүн көрүп жатам. Италиялыктар эшикке чыгууга себеп издеп турушкандыктан, жуктуруп алгандардын саны дагы өсүп жатат.
Анан, албетте, бул нерсе жаңы башталып жатканда дагы олуттуу мамиле жасабай коюшкан. Башында өлкө жетекчилиги мектеп, окуу жайларды жана бала бакчаларды карантинге жабышкан. Ага карабай чоң адамдар деле, кичинекейлер дагы коомдук жайларда бири-бири менен жолуга беришти. Мындан улам вирустун жайылышына өбөлгө түзүштү. Качан коронавирус жуктургандардын саны өсө баштаганда гана мамлекет башка жактарды дагы жаба башташты. Учурда кээ бир мамлекеттик мекемелер гана иштеп жатат.
- Маегиңизге рахмат, саламатта болуңуздар.