Орусиялык ырчы Игорь Николаев коронавируска шектелип, ооруканага түштү. Абалы оор деп бааланууда

Орусиялык ырчы Игорь Николаев коронавируска шектелип, Москвадагы жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланууда. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 60 жаштагы ырчы Москвадагы Коммунарка жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылган. Анын учурда абалы орто оор деп бааланып, дене табы жогору экендиги айтылууда. Николаев коронавирусту аныктоо үчүн тест тапшырган. Тесттин жыйынтыгы азырынча чыга элек.
Эске салсак, кечээ, 26-март күнү 76 жаштагы орусиялык ырчы Лев Лещенконун коронавируска кабылганы аныкталган. Айрым маалымат булактары Игорь Николаев Лев Лещенко менен телевидениеге барганда жолукканын жазышкан.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан