Ксения Собчак Лев Лещенкодон коронавирусту жуктуруп алуусу мүмкүн делген ырчыларды атады

Орусиялык алып баруучу Ксения Собчак азыркы тапта коронавирус илдетин жуктуруп алган ырчы Лев Лещенко ооруканага жатканга чейин композитор Игорь Крутойдун эжеси Алланын туулган күнүнө арналган мааракеде болгонун жазып чыкты.

"Эстрада ырчыларынын көпчүлүгү вирусту Лещенкодон жуктуруп алышса керек. Андыктан мааракеде болгон жылдыздарды өзүнүн ден соолугуна кам көрүүгө чакырам", - деп жазган Собчак.

Бул мааракеде 26-мартта коронавирус илдетин жуктуруп алганга шектелип, ооруканага жаткырылган Игорь Николаев да болгон. Ошондой эле ырчылар Олег Газманов, Валерий Леонтьев, Александр Розенбаум, Ани Лорак, Алсу, Николай Басков, Александр Серов болгону айтылууда.

Мындан сырткары кечеде Орусиянын президентти Владимир Путиндин пресс катчысы Дмитрий Песков өзүнүн жубайы мурдагы спортчу Татьяна Навка менен болгону жазылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан