"Оорубагандарды дарылоого бизде эмне кызыкчылык?". Министр "коронавирус болгон жокмун" дегендерге жооп берди

Бүгүн, 5-апрелде Өкмөт үйүндө саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов онлайн маалымат жыйын берди. Анда Аксы аймактык ооруканасынан коронавирустан айыгып чыкты делген Гүлзада Сатылганованын билдирүүсү тууралуу суроо узатылды.

Гүлзада Сатылганова деп өзүн тааныштырган аял "Жалал-Абад облусунун Аксы районунда коронавирустан айыгып чыкты деген 3 жарандын бири менмин. Мен коронавирус менен ооруган эмесмин жана сакайып чыкты деген калп" деген видеокайрылуу жасаган. Буга чейин ала-букалык тургун да ушундай оюн айткан болчу.

Министрдин айтымында, мындай жалган маалымат тараткандар жоопко тартылып калышы мүмкүн.

"Кээ бир адамдар туура эмес маалымат таратып жатат. "Мен дары ичкен жокмун" деп терс мамилени чакырган жалган маалыматты тараткандар жоопко тартылат. Жөн эле адамды обсервацияга же ооруканага жаткырбайбыз. Эгер адамда вирус бар экени аныкталса, аны эл арасына чыгаруу кооптуу болуп саналат.

Алар мындай билдирүүлөрдү айткандан мурун ойлонуш керек. Себеби жалган маалымат тараткандарга мыйзам чегинде чара колдонулат. Эгер оорунун белгилери болбосо, бизде ал адамды жаткырып, дарылоого кандай кызыкчылык болмок эле. Ал кишиге балким оорунун белгилери байкалган эмес, бирок анын денесинде вирус болгондон кийин, сыртка чыгаруу кооптуу болмок. Ал бир нече адамга жуктурушу мүмкүн да. "Дары берген эмес, же ооруган эмесмин" деген сыяктуу коом арасында терс мамиле жараткан туура эмес маалымат үчүн жооп бериши керек", - дейт министр.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
Chungyz
2020-04-05 11:10:46
министр дагы ачык ооругандар ды корсотуп жаткан жерин корсотуп иштеп атканын элге туура жагынан корсотсо жакшы болот эле
+7
Usow
2020-04-05 11:13:17
Туура, жоопко тартуу керек мындай жалган маалымат тараткан адамдарды, тузун жеп туз калтасына тукургон адам деп ушуга окшогондорду айтат бети жок уятсыз.
+11
katerina.li
2020-04-05 11:34:48
Туура,калп айтып элди дурбуткондорго катуу чара колдонгула,ыйык жерден келеби,бок баскан жерден келеби айырмасы жок,текшерилип жатыш керек карантинге
+8
Agayu
2020-04-05 11:51:39
Только факты дегенди көрсөңөр. Ким кандай экенин билесиңер !!!
-2
nnn.sss
2020-04-05 12:27:55
Туура айтат министр,оорубаган адамды карап куну туну врачтар ошол жерде жургончо уйуно барып бала часы менен отурса болот да, эмне кызыгы бар карап.Оорусу кучоп кете электе алдын ала чара коруп дарылаган врачтарга рахмат айтпай акылдуу боло калат
+6
bema_bema
2020-04-05 13:46:15
Аялды жоопко тартыш керек,бул озун элден болунуп калбаштын айласын кылып атат.Биз чет олкодо турабыз,кызым ооруп жотолуп темпаратура менен скорый чакырдык туну,маска кийгендер келип больницага апарып короновируска анализ алды,таза чыкты башка больница которду бронхит экен.Кантип алар таза адамды жаткырып койсун. Бул вирус иммунитетди кучтуу адамда журо берет экен бир ай эчтеке болбой,башкаларга жугат экен бирок.
+5
bema_bema
2020-04-05 13:47:54
Врачтардын озуно жугуп калып атпайбы азыр, ошон учун жалган маалымат тараткандар жоопко тартылыш керек.
+2
muras111211
2020-04-05 14:44:29
Жакшы болуп айыкканыңарга сүйүнө бергиле да.
Сөзсүз эле реанимацияга жатып,жасалма аппаратка туташтырыш керекби.
+4
ruslanz
2020-04-05 14:45:06
Ооба, дуйно жузу жон эле дурболон болуп атат.Мындайлардын ден соолугу бекем болот,канча жакшы адамдар кайтыш болуп кетип атат.
+2
muras111211
2020-04-05 14:47:39
Бул аялды элдин баары эле түшүнүп турат.
Элден бөлүнүп калбоонун айласын жолун издеп актанайын деп жатат .
+3
Artur_sfera
2020-04-05 15:00:20
Баарынын акылдары ашып-ташып, кичине бир нерсе болсо эле, сөз жаадырган сөөмөй баатырлар кандайсыңар анан )))
+3
Mekusi
2020-04-05 15:07:32
Ошол эже озу узбечка. Рахмат врачтарга деп койсо болмок арамза, кайра вирусун козгоп жатып калсан экен ошондо билесин врачтын кадырын тооба кылдым. Озун актайм деген учурда да ойлонуп суйлош керек эле.
+4
Zhenishbek.kyrgyz.2014
2020-04-05 16:41:37
Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт. Жон эле ойной турган заман эмес. Кысчу жерин кысып, отура бербейби.
+3
didu
2020-04-05 20:52:14
эшек семирсе ээсин тебеттен болуптур сакайтып койсо
+2
aliya-leyla
2020-04-05 21:01:42
Ушундай болбош учун оорулуулардын аты фамилияларына чейин чыгарыш кк окшойт
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан