Бүгүн, 27-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчылары коронавирус инфекциясын жайылтпоо, ошондой эле соода-экономикалык жана транспорттук-транзиттик тармактарда кызматташууну өркүндөтүү боюнча биргелешкен чараларды талкуулашты.