Коронавирус жуктурган футболчу Пауло Дибала: "Мен дем ала албай, кыймылдаганга алым келбей калган"

Аргентина улуттук курамасынын жана "Ювентус" футболдук клубунун чабуулчусу, 26 жаштагы Пауло Дибала буга чейин сүйлөшкөн кызы экөө коронавирус жуктуруп алгандыгы кабарланган. Өзүнүн азыркы абалы тууралуу ал жергиликтүү басылмаларга берген маегинде билдирген.

"Менде бул оорунун күчтүү белгилери болгон. Азыр өзүмдү жакшы сезип калдым. Мага коронавирус жуктурган маалда кыймылдаган да оор болчу. Араң дем алып, беш мүнөттөй эч нерсе кыла албай калчумун. Булчуңдарым ооручу. Бактыга жараша азыр сүйлөшкөн кызым экөөбүздүн тең абалыбыз жакшы. Учурда машыгууга аракет кылып жатам", - деп билдирген футболчу.

Маалыматка ылайык, "Ювентус" клубу Пауло Дибаладан башка дагы эки футболчусу Даниэле Ругани жана Блез Матюиди коронавирус жуктуруп алгандыгын билдирген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kyrgyz40
2020-03-28 13:35:10
Куттуктайбыз кайра жаралуусу менен! Оор сыноону баштан откорду
+4
Romantik.
2020-04-03 09:25:35
бул Пауло Дибала PUBGны да катуу ойнойт экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан