Футбол боюнча Испаниянын Жогорку Лигасында (Ла Лигасы) ойногон "Валенсия" футболдук клубунун 10 футболчусу жана 15 кызматкери коронавирус оорусун жуктуруп алышкан. Бул тууралуу аталган клубдун басма сөз кызматына таянып, дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
"Валенсия" клубу коронавирусту жуктуруп алган футболчулардын жана кызматкерлердин атын атоодон баш тарткан. Буга чейин аталган клубдун үч оюнчусунан Хосе Луис Гайя, Эсекьель Гарай жана Эльяким Мангала бул ооруну жуктуруп алгандыгы аныкталган.
Акыркы маалыматтар боюнча, Испанияда коронавирусту 72 миң 248 адам жуктуруп алган жана 5 миң 690 адам бул оорудан каза болгон.