Бишкекке Санкт-Петербургдан 554 Кыргыз жараны келди

Бүгүн, 26-июнда Орусиянын Санкт-Петербург шаарынан өлкөгө 554 Кыргыз жараны келди. Анын ичинде 2 жашка чейинки 41 бала бар. Бул тууралуу маалыматты республикалык штабдан билдиришти.

"Каттамга төрөтүнүн мөөнөтү жакындап калган кош бойлуулар, жаш балдары бар аялдар, Санкт-Петербург шаарында жана Ленинград облусунда жогорку окуу жайда окуган студенттер, ошондой эле Орусияга мурда хирургиялык операция жана башка медициналык процедура кылдырууга баргандар, ден соолугу оор абалдагылар, жакындары кайтыш болгондор, жашоосу оор кырдаалдагы адамдар тандалып алынган.

Бардык келген жарандар белгиленген медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылды", - деп айтылат маалыматта.

Бул каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмесин Санкт-Петербург шаарында жашаган кыргыздардын өз ара ыкчам штабына караштуу Санкт-Петербург шаарындагы кыргыз активисттеринен турган диаспоранын, кыргыз студенттеринин, КМШнын парламент аралык ассамблеясындагы өкүлдөрүнөн, Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин канцеляриясынын жана Санкт-Петербург шаарындагы ардактуу консулдугунун кызматкерлеринен турган комиссия түзгөн.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан