Министрлик коронавирустан каза болгондорду көмүүдөгү эрежелерди айтты

Дүйнөдө COVID-19 пандемиясына байланыштуу абал оор бойдон калууда. Көптөгөн мамлекеттерде вирус жуктуруп алгандар көз жумуп жатат. Буга байланыштуу Кыргыз өлкөсүнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматтарына таянып, маркумду жерге берүүдөгү айрым эрежелерди иштеп чыкты.

Ага ылайык төмөндөгүдөй сунуштамалар берилген:

  • коронавирус кара тумоо, чечек, күйдүргү сыяктуу кооптуу инфекция эмес, ошентсе дагы тазалыкты сактап, коргонуу зарыл;
  • санитардык дарыгерлердин айткандарын аткаруу керек;
  • дезинфекциялануу жана бет кап, кол кап болушу шарт;
  • бардык талаптар аткарылса, каза болгон адамдын сөөгү айланадагылар үчүн кооптуулук жаратпайт.

Маалыматта бул эрежелер Муфтият менен макулдашылганы жана алар аза күтүү тажыясын аз сандагы адамдар менен өткөрүүнү сунуштаганы белгиленген.

Коронавирустан каза болгон маркумду акыркы сапарга узатуу кандай болушу шарт? Дин башкармалыгынын көрсөтмөлөрү тууралуу окугуңуз келсе, ушул шилтемени басып өтүңүз.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Benazir08
2020-03-28 21:56:42
Ушуну кыргызга вирус келгенден бери ойлонуп аттым эле кокустук отуп кетишсе кандай жол мн комот экенбиз деп
+9
mirkaa5182
2020-03-28 22:14:49
баары айыгып кетсин , эч ким өлбөсүн
+19
asanaliev.s
2020-03-28 22:41:59
Андай кунду башыбызга салбасын Аллах.Шыпаасын берип жакшы болуп кетишсин
+10
Baktikan
2020-03-29 00:05:11
Koreyada 2 juma murun ayikkan adamdardan kaira virus tabildi~oshonduktan kyrgyz elim~karantindin erejelerin saktanizdar~oorugan adamdardi ayikti debesten uzak ubakitka chein kozomoldoso jakshi bolot~jaratkan alla mekenime beipildik~oorugandarga shipaa bersin~bul kiyin kundordo baarinizdarga sabr,uy buloonuzdorgo den sooluk kaalaimin,
+5
filis
2020-03-29 06:28:44
Жараткан Тенирим колдосун. Элимде Тынчтык болсун.
-6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан