Кыргыз өлкөсүндө жүргөн чет элдик жарандар 1-майга чейин визаларын тариздебестен, өлкө аймагынан чыгып кете алышат

Кыргыз өлкөсүндө жүргөн чет элдик жарандар, ошондой эле жарандыгы жок адамдар ушул жылдын 1-майына чейин чыгуу визаларын тариздебестен, өлкө аймагынан чыгып кете алышат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Чет элдик жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга «жашыл коридор» ачуунун себеби - чет мамлекеттерде бир катар чектөө чараларынын киргизилишине, ошондой эле коронавирус инфекциясынын жайылуусунун күч алышына байланыштуу. Учурда башка өлкөлөр менен аба каттамдарынын убактылуу токтотулушуна байланыштуу чет элдик жарандарда Кыргыз өлкөсүнүн аймагынан чыгып кетүү кыйынчылык жаратып жаткан. Эми бул маселе чечилди. Чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар визасы жок, визасыз режим мөөнөтү аяктаган же каттоодо туруу мөөнөтү (жок болсо) бүткөн шартта да өлкө аймагында боло алышат жана 2020-жылдын 1-майына чейин тоскоолдуксуз чыгып кете алышат", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан