Санитардык эрежелерди бузган коомдук транспорттордун, таксилердин, кафе жана ресторандардын иши токтотулат. Бул тууралуу республикалык ыкчам штабдан кабарлашты.
"Маршруттук таксилерде жүргүнчүлөрдүн үчтөн бири бет кап тагынса, калгандары тагынбай жүрүшөт. Такси жана дүкөндөрдө деле ушундай эле көрүнүш. Кечээ жакында көп сандагы адамдардын катышуусунда ресторанда өткөрүлгөн үй-бүлөлүк иш-чара аша чапкандык. Бишкек мэриясы мындан ары ушул сыяктуу окуяларга жол бербөө үчүн чара көрүүгө тийиш. Коомдук унаада жана коомдук тамактануу жайларында санитардык эрежелерди сактоо күчөтүлүшү шарт. Коопсуздук кызматы бет кап тагынуу жана колду дезинфекциялоого көзөмөл жүргүзгөн айрым соода объекттеринин тажрыйбасы бардык коомдук жайларда колдонулушу керек. Буга чейин мен ИИМге жана тармактык кызматтарга таксилерди жана маршруттук таксилерди текшерүүгө тапшырма бергем. Кандай иштер аткарылды? Жооптуу адамдар тиешелүү ченемдерди так аткарганга чейин текшерүү туруктуу жүргүзүлүп турууга тийиш", - деди биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.
Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү билдиришкендей, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери менен биргеликте Бишкекте маршруттук таксилердин 46 фирмасы, бир нече такси фирмалары текшерилип, протоколдор түзүлүп, айып пулдар салынган.
Борбор калаанын мэриясынын өкүлдөрү кафе жана ресторандардын администрациялары тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканы айтылды. Мындан тышкары турак үйлөрдүн жана кварталдык комитеттер жашоочулар арасында COVID-19 белгилеринин бар, жогуна сурамжылоо жүргүзүп башташты.
Жыйында мамлекеттик чек аранын Кыргыз-Казак тилкесиндеги өткөрмө жайлардын иши талкууланды.
Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, бүгүнкү күндө эл аралык аба каттамдарын жандандыруу, мамлекеттик чек аранын Кыргыз-Кытай тилкесиндеги өткөрмө жайларды ачуу маселелери боюнча тийиштүү алгоритмин сапаттуу иштеп чыгуу зарыл. Тармактык органдарга иштин бул багыты боюнча тапшырмалар берилди.
Саламаттыкты сактоо министрлигине өлкөнүн аймактарын тиешелүү лабораториялык жабдуулар менен камсыз кылуу милдеттендирилди.