Румынияда жаңы төрөлгөн 10 ымыркайдан коронавирус аныкталды. Аларга илдетти акушерлер жуктурган болушу мүмкүн дешүүдө

Румыниянын Тимишоара шаарында төрөтканада 10 жаңы төрөлгөн ымыркайдан коронавирус аныкталган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Румыния бийлиги Тимишоара шаарындагы төрөтканада 10 ымыркайдан коронавирус аныкталганы боюнча кылмыш ишин козгоду. Маалыматка ылайык, ымыркайлардын биринин да энесинде вирус жок болгондуктан, ал жактагы кызматкерлер жуктурушу мүмкүндүгү айтылууда.

Буга чейин румын басылмалары оорукананын бир нече кызматкерлеринен коронавирус аныкталганын жазышкан. Укук коргоо органдары убагында кызматкерлер изоляцияга алынганбы-жокпу, алар менен байланышта болгон кесиптештери текшерилгенби? Ошол боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, Румынияда медицина кызматкерлеринин массалык түрдө коронавирусту жуктуруп алуусу чоң көйгөй болууда. 8-апрель күнү кызматкерлердин көбү коронавирус менен ооруп калганына байланыштуу дагы бир оорукана жабылган.

Акыркы маалыматка ылайык, өлкөдө 5000ден ашык бейтап коронавирус жуктурган жана алардын 220дан ашыгы каза болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан