Вице-спикер: "Абитуриенттердин жогорку окуу жайларга тапшыруу процесси боюнча алдын ала маалыматтарды берүү керек"

"Абитуриенттердин жогорку окуу жайларга тапшыруу процесси боюнча алдын ала маалыматтарды берүү керек" деп бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында вице-спикер Мирлан Бакиров билдирди.

"Быйылкы жылы пандемия деп көп өзгөрүүлөр болду. Жалпы республикалык тестирлөө, абитуриенттердин жогорку окуу жайга тапшыруу процесстери боюнча алдын ала маалыматтарды берүү керек. Качан башталат, кандай тартипте жүрөт? Бул чоң маселелердин бири.

Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы мөөнөтүн аяктап жатат. Мүмкүн болушунча мамлекеттик бюджетке киреше алып келе турган мыйзам долбоорлорду кароо керек", - деди депутат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан