Ташкентте 74 бейтапкана күнү-түнү иштөөгө өттү

Ташкенттеги 74 көп тармактуу борбордук жана үй-бүлөлүк бейтапканалар күнү-түнү иштей баштады. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Ошол эле учурда медицина кызматкерлери 12 сааттык иш тартибине өтүштү.

Маалыматка ылайык, ар бир бейтапканада микро-аймактар ​​түзүлүп, жооптуу адамдар дайындалган. Ал эми алардын негизги милдеттери болуп үйлөргө чалып маалымат алуу, ошондой эле амбулатордук жардам көрсөтүү, аныкталган көйгөйлөрдү жеринде чечүү саналат.

Ушул максатта Ташкент шаардык ооруканалары 750 уюлдук телефон менен жабдылган, ар бир үй-бүлөлүк бейтапканада күнү-түнү иштей турган колл-борбор иштеп баштайт. Ошондой эле ар бир бейтапканада амбулатордук кабыл алуу жана үйдө дарылоо үчүн мобилдик топтор түзүлгөнү кабарланды. Дары-дармектер бейтаптарга мобилдик топтор тарабынан жеткирилип берилери кошумчаланат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан