Коронавирустан коргонуу жана алдын алуу иштерин жүргүзүү үчүн Ош шаарынын мэриясында атайын эсеп ачылып, ага 3 миллион 475 миң 934 сом акча түштү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
"29-мартка карата Ош шаарындагы жеке ишкерлер, курулуш компаниялары, мекеме-ишканалар, жогорку окуу жайлардын кызматкерлеринин бир күндүк эмгек акысы шаардык мэриянын атайын эсебине түштү. Анда атайын эсепке жалпы 3 миллион 475 миң 934 сом которулду. Каражаттарды атайын түзүлгөн комиссия көзөмөлгө алат. Комиссиянын курамында укук коргоо органдары, бизнес өкүлдөрү, бейөкмөт уюмдардын мүчөлөрү жана тиешелүү кызматкерлер бар", - деп айтылат маалыматта.