Дүйнөгө жайылып жаткан коронавирустун айынан 14 күндүк карантинде турган "Diamond Princess" аттуу япониялык круиздик лайнеринде коронавирус жуктургандардын арасында Кыргыз жараны бар экендиги аныкталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
15-февраль күнү Япониянын Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирусту жаңы жуктурган 67 кишинин жарандыгын тастыктаган. Алардын арасында: Япония (27), Филиппин (17), Австралия (5), АКШ (5), Канада (3), Кытай (3), Германия (2), Гонконг (1), Кыргыз өлкөсү (1), Тайвань (1), Индия (1) бар.
Япониянын саламаттыкты сактоо министри Кацунобу Катонун берген маалыматына ылайык, 19-февралдан тартып вируска кабылбаган жарандар карантинден чыгып баштайт.
Лайнер Япониянын Иокогама шаарынан 20-январда чыгып, саякаттан 3-февралда кайтып келген. Жүргүнчүлөрдүн арасында коронавирус жуктуруп алган Кытай жараны болгон. Ал кемеден 25-январда Гонконгдон түшкөн. Баардыгы болуп кемеде 50дөй өлкөнүн 3700гө жакын жараны бар.