Нарында бир жаранга санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Нарын шаарынын тургуну О.М. коронавируска чалдыкпагандыктан, дарылануудан баш тартып, ал эми үй-бүлө мүчөлөрү дары ичкенден кийин ден соолуктары начарлап кетти деген видео кайрылуу чыккан.
"2019-жылдын ноябрь айында О.М. Пакистанга даваатка кетип, кайра 2020-жылдын 15-мартында Лахор-Ташкент, Ташкент-Бишкек каттамы менен өлкөгө кайтып келген. Андан коронавирус жугуштуу илдети аныкталса дагы ал коюлган чектөөлөрдү бузган. Анткени О.М. менен байланышта болду деген себеп менен дарыланып жаткан Нарын шаарынын 3 тургунунда 30-мартта коронавирус оорусунун белгилери аныкталган. Жогорудагы билдирүү боюнча 3-апрель күнү Нарын ШИИБи сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган. Ал эми О.М. изоляцияда болгондугуна байланыштуу тергөө аракеттери ал сакайгандан кийин жүргүзүлө баштайт. Азыркы учурда тиешелүү жерлерге суроо каттар жиберилип, ыкчам тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.