Бүгүн, 30-мартта Бишкектеги Кардиология жана терапия улуттук борборунун, Улуттук госпиталдын, Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын кафедрасынын, Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жана №1 шаардык ооруканасынын - 9 дарыгери Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарына кеңештерди берүү жана практикалык медициналык жардам көрсөтүү үчүн жөнөп кетишет. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
"14 күндүн ичинде дарыгерлер коронавирус менен ооруган бейтаптарга текшерүү жүргүзүшөт. Андан кийин бардык медициналык кызматкерлер 14 күндүк карантинге жиберилип, бир айдан кийин гана үйлөрүнө келе алышат. Ар бир дарыгерге керектүү коргоо каражаттары берилди. Алар коргоочу кийимдер, бет кап, кол кап, костюм жана башка керектүү каражаттарды алып барышат", - деп айтылат маалыматта.