"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 13 миллиондон ашты

Бүгүн, 14-июлга карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 13 миллион 61 миң 792 адам жуктуруп алды. Анын 7 миллион 221 миң 190у айыгып чыкса, тилекке каршы 571 миң 840 бейтап каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 3 миллион 361 миң 42 адамдан коронавирус аныкталды. 135 миң 582 адам каза болсо, 1 миллион 31 миң 856 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Бразилия өлкөсү турат. Бразилияда коронавирус инфекциясы 1 миллион 884 миң 967 адамдан аныкталды. 72 миң 833 адам каза болсо, 1 миллион 289 миң 751 бейтап айыкты.

Ал эми үчүнчү орунда Индия. Бул өлкөдө 878 миң 254 адам вируска кабылган. 23 миң 174 бейтап көз жумса, 553 миң 471 бейтап оорудан сакайган.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан