"Санитардык-карантиндик посттордо кызмат өтөгөн медиктердин тамак-ашына каражат бөлүнүп турат" дейт министрлик

Бүгүн, 23-мартта Өкмөт үйүндө Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова онлайн маалымат жыйын берүүдө.

Жыйында "санитардык-карантиндик посттордо кызмат өтөгөн медиктердин тамак-ашы кандай уюштурулуп жатат?" деген суроого Айнура Акматова төмөндөгүдөй жооп берди.

"Бул посттордо иштеген медицина кызматкерлери бир күн иштеп, эки сутка эс алышат. Мындан тышкары башка санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлорунан дагы адистерди кезектешип иштөөгө жөнөтүп жатышат. Алардын бардыгын тамак-аш менен камсыз кылуу үчүн атайын акча каражаты бөлүнгөн. Тамак-ашты уюштурууда меценаттар дагы жардам берип жатышат. Ага чейин жергиликтүү бийлик камсыз кылып жаткан", - дейт Акматова.

Кыргыз өлкөсү боюнча 23-мартка карата коронавирус жуктурган жаңы учур жок экени айтылды. Өлкө боюнча ооругандардын саны 14 адам. Алардын арасынан бир жаран жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганы белгилүү болду.

Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев вирус жуктургандардын баары сырттан келгендигин айткан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан