20-марттан бери Кыргыз өлкөсүнө 2 189 жаран кайтып келди

20-марттан бери Кыргыз өлкөсүнө 2 189 жаран кайтып келди. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3 800 жаран Кыргыз өлкөсүнө келе албай жатышат. Алар чек аралар жабылып, авиакаттамдар токтотулганына байланыштуу келе албай калгандар.

Аталган министрликтин ыкчам байланыш номерине жана элчиликтерге Европа, Түндүк Америка жана Азиянын 45 өлкөсүндө жүргөн Кыргыз жарандары кайрылган.

Сауд Арабияда кичи ажылыкка барган 3 жаран кармалып турат.

Өлкөгө кайтып келүү үчүн кайрылгандардын көпчүлүгү Түркия, Орусия жана Бириккен Араб Эмирлигинде жүргөндөр.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aliya-leyla
2020-03-31 00:01:37
Ии алар таза болушсун эми, оору сыркоодон оолак болуп
+1
algakaray
2020-03-31 02:38:42
Тыкыр козомолго алгыла. Чыгарбай туруш кк. Келгендер да элди, озун ойлоп эки жума чыдап жата турсун. Бир эки жылдап деле мекенге келе электер бар да, эми келгенден кийин шашлык-машлык, уйумду сагындым барам дебей эл тартып аткан туйшукту туура тушунуп, былк этпей текшерилгенче кутуп тургула.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан