Таиландда 1-апрелге карата айтылуучу тамашалар же коронавируска байланыштуу калп маалыматтар болсо, аны айткан жана тараткан жарандар эркинен ажыратылат. Бул тууралуу өлкөнүн башкы прокурорунун орун басары Косонлават Интхучунйонг билдирген.
"1-апрель күлкү күнүнө карата социалдык тармактарда же болбосо маалымат каражаттарында коронавирус инфекциясына байланыштуу кандайдыр бир тамашаларды же калп маалыматтарды жарыялагандар мыйзамдуу түрдө 2 жылга эркинен ажыратылат", - деп жазган ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына.