Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Ысык-көл айылынын 8 тургуну үй карантиндин шарттарын бузгандыгы үчүн айыл эли жалпы изоляцияга алынды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
"Үй карантинин сактабаган Түп районунун Ысык-Көл айылынын 8 тургуну чет өлкөлөрдөн кайтып келген. Алар милдеттүү түрдө обсервацияга алынды.
Тургундар үй карантиндин шарттарын бузгандыгы үчүн коронавирустун жайылышын болтурбоо максатында облустук ыкчам штабынын чечими менен жалпы айыл эли изоляцияга алынды", - деп айтылат маалыматта.