Бүгүн, 23-апрелде Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев аймактардагы абал тууралуу кезектеги онлайн маалымат жыйын берди.
Жыйында Ош облусундагы көмүр кен компанияларына жана үч цемент заводуна иштөөгө уруксат берилгени айтылды.
"Айрым ишканаларга иштөөгө уруксат берүү зарылчылыгы келип чыкты. Мисалга алсак, ички рынокто цементке муктаждык пайда болгондуктан, Ноокаттагы бир жана Аравандагы 2 цемент заводу ишке кирди. Алар ачылары менен цементке кезекке тургандар көп болду. Ошондуктан ал жакта санитардык нормалардын сакталышын көзөмөлдөп жатабыз.
Мындан тышкары Ош облусу боюнча 12 көмүр кенин иштеткен компаниялар бар. Аларга дагы уруксат берилди. Анткени эртең эле кыш келет. Казуу иштерин жандандырып, кыш мезгилине кам көрүп башташ керек. Бул компаниялар көмүрдү экспортко чыгаруу менен бирге ички муктаждыктарды дагы камсыздайт. Алардын санитардык жактан коопсуздук маселесин айтсам, көбү айылдардан алыс жайгашкан", - деди Узарбек Жылкыбаев.