Ала-Бука районундагы чек арага жакын аймакта жашаган тургун интернет тартпай, онлайн окуй албай жатышканын айтты

Бүгүн, 14-апрелде Жалал-Абад облусунун коменданты Жеңишбек Жоробеков жана өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов маалымат жыйын беришти. Анда жаран тарабынан онлайн окууга байланыштуу суроо берилди.

Нурсултан аттуу жаран Ала-Бука районунда чек арага жакын аймакта жашаган үй-бүлөлөрдө телеканалдар тартпай, балдар онлайн окуй албай жатканын жана мобилдик байланыштын сим-карталары тартмак турсун антеннасы чыкпай турганын айтып кайрылды.

Ал "Адегенде айтылган маселелерди чечип алып анан онлайн окутуп башташса болмок" деген пикирин билдирген.

Суроого өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов төмөнкүдөй жооп узатты.

"Билим берүү министрлиги бул боюнча Жалал-Абад облусу онлайн окууга даяр деп маалымат берген. Мен бул айтылган кайрылуулар боюнча аныктап, кемчиликтерди тактап аны жокко чыгаруунун аракетин көрөм", - деди Мирзахмедов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан