"Исмаил Матраимов" фонду тарабынан Ысык-Көл облусундагы муктаж адамдарга 100 тонна ун, 6 тонна май берилди

"Исмаил Матраимов" кайрымдуулук фондунан Ысык-Көл облусуна жөнөтүлгөн 100 тонна ун, 6 тонна өсүмдүк май гуманитардык жардамы өз дарегине жеткенин Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов маалымдады.

Ага ылайык, көрсөтүлгөн жардамды облус жетекчиси жана жергиликтүү активдүү жарандар элге таратып берүүгө көмөк кылышты.

"Алар расмий каттоодо турган аз камсыз болгон үй бүлө, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын дарегине жеткиришти. Облустагы Түп, Ысык-Көл, Тоӊ, Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондоруна жана Каракол, Балыкчы шаарларына жардам көрсөтүлдү. Учурда Чүй облусундагы райондорго дагы азык-түлүк таратылып жатат, андан соӊ Талас облусуна дагы багыт алабыз", - деп билдирет Матраимов.

Буга чейин депутат "Исмаил Матраимов" фонду Райымбек Матраимовдун көмөгү менен өлкөдөгү бүгүнкү абалга байланыштуу жардам берилерин маалымдаган.

"Исмаил Матраимов" фондунун Ысык-Көл облусуна көрсөткөн жардамы
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан