Кыргыз өлкөсүндө коронавирус катталгандан бери эки апта өтүп, бул аралыкта илдетти жуктуруп алгандардын саны 116 адамга жетти.
Соңку күн ичинде ооругандардын саны өлкөдө 5 кишиге көбөйдү.
Андан тышкары чет жерде да коронавирус жуктуруп алган 3 Кыргыз жараны аныкталды. Алар Пакистанда даваат кылып жүрүшкөнү маалым болду.
Ошол эле убакта Орусиянын Новосибирск шаарындагы аэропортто калып калган 300дөй Кыргыз жаранынын мекенге кайтып келүү маселеси дале чечиле элек.
Күн ичиндеги кабарлардын ток этери Кыргыз өлкөсүндө коронавирус аныкталгандан тарта жарыяланууда. 18-март, 19-март, 20-март, 21-мартты, 22-мартты, 23-мартты, 24-мартты, 25-мартты, 26-мартты, 27-мартты, 28-мартты, 29-мартты, 30-мартты, 31-мартты, 1-апрелди окугуңуз келсе, ошол күндү басуу аркылуу тиешелүү шилтемеге өтө аласыз.