Коронавирус Кыргыз өлкөсүндө. Бул боюнча 31-марттагы кабарлардын ток этерин окугуңуз келсе...

31-март окуяларга оголе бай күн болду.

Кыргыз өлкөсүндө коронавирус жуктурган дагы 13 адам аныкталды. Ооругандардын жалпы саны 107ге жетти. Акыркы 2 күн ичинде коронавируска чалдыккан 23 жарандын ичинен төртөө чет өлкөдөн келген. Калгандары өлкө ичинде жуктуруп алгандар болуп саналат. Дагы бир кейиштүү жаңылык - бул илдетке кабылгандардын арасында балдардын саны көбөйүп жатканы.

Биринчи жолу коронавирус Ысык-Көлдө катталып, аталган облустун 2 тургуну илдетти жуктуруп алганы айтылды. Ошентип, Кыргыз өлкөсүндө илдет чыга элек дубандан жалгыз Талас калды.

Өзгөчө абал киргизилген аймактарда тартип сактоо жагы аксап жатат. Бир топ жаңы эрежелер киргизилип, тартип бузгандар кандай жазага тартылары, кандай айып пулга жыгылары жарыяланды.

Президент Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, коронавирус жугузуп алган жарандарды өз маалында аныктабагандыгы үчүн тиешелүү мекеме жетекчилерин сынга алды.

Күн ичиндеги кабарлардын ток этери Кыргыз өлкөсүндө коронавирус аныкталгандан тарта жарыяланууда. 18-март, 19-март, 20-март, 21-мартты, 22-мартты, 23-мартты, 24-мартты, 25-мартты, 26-мартты, 27-мартты, 28-мартты, 29-мартты, 30-мартты окугуңуз келсе, ошол күндү басуу аркылуу тиешелүү шилтемеге өтө аласыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан