Бир сутка ичинде 11 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, бир суткада стационардан 1, ал эми үй карантининен 4 медкызматкер чыгарылды.
Бишкек шаары - 4;
Жалал-Абад облусу – 1;
Ош шаары – 4;
Талас облусу – 1;
Баткен облусу – 1.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 4 663 учур катталды. Алардын ичинен 4 577 медкызматкер сакайды.