Өкмөт: "Кытай жана башка өлкөлөр менен карызды төлөө мөөнөтүн жылдыруу макулдашылды"

Кытай жана башка өлкөлөр менен карызды төлөө мөөнөтүн жылдыруу макулдашылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"15-апрелде "Чоң 20" өлкөлөрүнүн Борбордук банктарынын финансы жана башкаруучу министрлери тарабынан "Чоң 20" жана Париж клубу тарабынан кабыл алынган жана Эл аралык валюта фонду менен Дүйнөлүк банк тарабынан колдоого алынган жакыр өлкөлөр (Кыргыз Республикасы алардын ичине кирет) үчүн карызды тейлөөнү токтотуу демилгеси жактырылган.

Бул демилгенин алкагында, Кыргыз Республикасы эки жактуу кредиторлордун дарегине тышкы карызды тейлөөнү токтотуу жөнүндө расмий кайрылуу жөнөттү.

Бүгүнкү күндө 2020-жылдагы карызды тейлөө боюнча төлөмдөрдү кийинки 3-4 жылга калтыруу жөнүндө бардык эки тараптуу кредиторлор (Сауд өнүктүрүү фонду, Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фонду, Франция Республикасы, Германия Федеративдүү Республикасы, Дания Королдугу, Корея Республикасы, Япония) менен макулдашууга жетишилди.

Анын ичинде өлкөбүздүн ири кредиторлорунун бири Кытай менен 2020-жылдын төлөмдөрүн токтотуу жөнүндө макулдашууга жетишилди. Учурда мөөнөтүн узартуу шарттары иштелип чыгууда", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
asash
2020-07-22 22:09:13
Кытай дагы процентин кошот да, ушу кытайдан албай эле койгулачы,сарамжалдуу, максаттуу пайдалана албагандан кийин.
+6
Samatalibei
2020-07-22 22:38:05
...дурайн кытайлар оорунун баштап койуп карыз жонундо суйлошуп жургондору кантет.
+5
Noon
2020-07-23 00:17:28
Ооба туура эле кылгансыңар, бир аз жылдыра тургула. Кийинки келгендер төлөйт деп. Анан алар алат очойтуп бир карызды жаптык деп экинчи жактан.
+4
ulaAjidar
2020-07-23 09:08:12
Жылдырып жер беребиз деп ийбегиле дагы,силерден арнерсени кутсо болот...
+1
Adil18
2020-07-23 12:36:05
Март,апрель айында карантин болду.Элибиздин кредиттери жонундо эч ким баш ооруткусу келбейт го.
Кредиттерди 3 айдан кийинкиге жылдырды.
Эми мындан кийинки кадамдар кандай болот.3 айдын кредитин дароо тогук керекпи же кошумча 3 ай кошулабы?
Кубатбек Боронов менен Эркин Асрандиев,Толкун Абдыгуловдон жооп алып бериниздерчи супер инфонун журналисттери.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан