Жалал-Абад шаарында коменданттык сааттын эрежесин бузгандар катталган жок

3-апрелге караган түнү Жалал-Абад шаарында коменданттык сааттын эрежелерин бузгандар катталган жок. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын жетекчиси Азамат Жээнбеков билдирди.

"3-апрелге караган түнү Жалал-Абад шаарында коменданттык сааттын эрежелерин бузгандар катталган жок. Эрежени сактап, көчөгө чыкпаган шаар тургундарына ыраазычылык билдиребиз. Илдетти тартип менен бирге жеңебиз", - деп билдирди Азамат Жээнбеков.

25-марттан 15-апрелге чейин президенттин жарлыгы менен Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондоруна, Ош шаарына, Бишкек шаарына, Жалал-Абад облусунун Сузак районуна жана Жалал-Абад шаарына коменданттык саат тартиби киргизилген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
algakaray
2020-04-03 21:12:39
Жалалабаддын коменданты кыйын иштейт экен, Бишкектики кагазга жазган эмесин эжелеп аран окуп атат. Ошон ушун кундо жуздон ашык киши тартипти бузуп кочодо кармалып атат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан