Кыргыз өлкөсүндөгү COVID-19 илдетине кабылган бейтаптарды дарылоодо препараттар тартыш болуп жатканда өкмөттүн демилгеси менен Өзбекстандан 10 миң баштык “Гепарин” препаратын алып келүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бул боюнча маалыматты Кыргыз өлкөсүнүн Өзбекстандагы элчилиги тастыктады.
Өлкөдөгү дарыканаларга 50 миң ампула “Гепарин” дарысын таратуу маселеси Тышкы иштер министрлигинин деңгээлинде, Өзбекстандагы Кыргыз өлкөсүнүн элчилигинин колдоосу аркылуу ишке ашты.
Дипломаттар коңшу мамлекеттин бийлик органдары менен сүйлөшүп, Кыргыз өлкөсүнүн фармацевтикалык компаниялардын бирине COVID-19 илдетин дарылоо үчүн муктаж болгон препаратты алууга көмөк көрсөтүшкөн.
Өзбекстан тарап Наманган шаарындагы заводдон чыккан “Гепарин” дарысын жергиликтүү фармацевтикалык компанияга тапшырган. Жакынкы убакта коңшу өлкөдөн алынып келген препарат өлкөдөгү дарыканаларга таратылмакчы.