Коронавирустан улам каза болгон ноокаттык тургунду жерге берүүгө жакындары да катыша алган жок

Бүгүн, 3-апрелде коронавирус менен жабыркагандардын бири каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашкан.

Каза болгон жаран Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл аймагынын З.К аттуу тургуну экенин ал жакта иштеген медициналык кызматкер айтып берди.

"Ал адам кечээ, 2-апрелде каза болду. Үй-бүлөлүү, 5 баласы бар. Маркум кичи ажылыкка барып келген. Анан эле ооруп калды деп, ооруканага жаткырышты. Негизи мурун ашказанынан операция жасаткан. Ошондон улам ден соолугунун абалы начар эле. Жерге берүүгө жакындары катыша алган жок, туугандарына да уруксат берилбептир. Медицина кызматкерлеринин катышуусунда саламаттыкты сактоо министрлигинин көрсөтмөсүнө ылайык жерге берилди", - деди ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Usow
2020-04-03 13:29:54
Жаткан жери жайлуу ж/а бейиштин бир бакчаларынан болсун Аллахым рахматына алаган болсун.
+15
akmanai
2020-04-03 13:40:54
Тааба эмес тообо. Жакындарына сабыр!
+18
Mina24
2020-04-03 14:35:19
Сага оору жабышат тура эмес суйлодун ооз кесир
оруну жараткан алла берет
-4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан