Чет элдик басылмалар жазган маалыматка ылайык, кечээ, 4-апрелде Казакстанда коронавирустан дагы бир адам көз жумду. Муну менен аталган өлкөдө жаңы инфекциядан каза болгондордун саны 5ке жетти.
Бул жолу вирус адамдын өмүрүн алган 5-окуя Акмола облусунда катталган.
Жалпысынан бул вирусту жуктургандардын саны Казакстанда 525ке жетти. Ошол эле күнү таңда казакстандык төртүнчү жарандын коронавирустан каза болгондугу маалымдалган.