10-мартка карата дүйнөнү дүрбөлөңгө салган коронавирусту дүйнө жүзү боюнча жалпы 113 миң 604 адам жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 12си каза болсо, сакайгандардын саны 63 миң 647 адамды түздү.
Ал эми вирустун очогуна айланган Кытайда коронавирус менен жалпысынан 80 миң 753 адам жабыркаса, 3 миң 136 адам каза болду, айыккандардын саны 47 миң 585. Түштүк Кореяда 7 миң 478 адам жабыркап, 53 жаран көз жумду. Италияда жуктуруп алгандар - 9 миң 172, каза болгондор - 463, ал эми Иранда жуктургандар - 7 миң 161, каза болгондор - 237. Бүгүнкү күнгө карата дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөсүндө коронавирус катталды.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.
Коронавирустан каза болгондор катталган алдыңкы 10 өлкө тууралуу маалымат окугуңуз келсе, ушул шилтемени басып өтүңүз.
Коронавирус менен ооруган алдыңкы 10 өлкө өлкө тууралуу маалымат окугуңуз келсе, ушул шилтемени басып өтүңүз.