Бүгүн, 9-апрелде Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев онлайн маалымат жыйын берүүдө.
"Биздин ар бир кызматкер өз ишин так аткарып жатат. Эгерде укук коргоо органдары тарабынан мыйзам бузууларды байкасаңыздар, атайын номерлер аркылуу чалып кабарлаңыздар. Андай кызматкерлерге чара көрүлөт", - деп билдирди Бишкек шаарынын коменданты.
Бишкек шаары боюнча 79 ички санитардык пост жана 64 сырткы санитардык пост коюлган.
"Урматтуу Кыргыз өлкөсүнүн жарандары, биз 2 аптадан бери сиздердин саламаттыгыңыздар үчүн талбай эмгек кылуудабыз. Ошондой эле бизге жардам берип тамак-аш, бет кап алып келип жаткан жарандар жүрөк жылытат", - дейт Орозалиев.
9-апрелге карата өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаарында 61 адам тартип бузуп, ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө жеткирилди.