Индиянын Мумбаи шаарындагы Вокхардт ооруканасынын 26 медайымы жана 3 дарыгери коронавирус жуктуруп алгандыгына байланыштуу аталган оорукана карантинге жабылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда.
Маалыматка ылайык, коронавирус жуктуруп алган дарыгерлер жакынкы ооруканага дарыланууга жөнөтүлгөн. Ошондой эле бийликтин чечими менен Вокхардт ооруканасына кирүүгө, анын ичиндеги бейтаптардын эшикке чыгуусуна тыюу салынып, кайтарууга алынган. Бейтаптар коронавируска каршы эки жолу тесттен өткөрүлөт жана тесттин жыйынтыгы оң болуп чыкканда гана ооруканадан чыгарылат.
Дарыгерлер коронавирусту ооруканада жаткан 70 жаштагы бейтаптан жуктуруп алгандыгы аныкталган.