АКШ дүйнөлүк запастагы коронавируска каршы дары-дармектин баарын сатып алганы айтылууда

АКШ бийлиги коронавирус менен ооруган бейтаптарды дарылоодо колдонулган Ремдесивир препаратын дүйнөлүк запастагы 90 пайызын сатып алды. Бул тууралуу маалыматты аталган өлкөнүн президенти Дональд Трамп билдиргенин дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Жазылган маалыматка ылайык, АКШда коронавирусту дарылоо үчүн Ремдесивир препаратын колдонуу май айында бекитилген.

"Менин администрациям Ремдесивир препаратынын дүйнөлүк запастын 90 пайызына көзөмөлдү камсыз кылды. Бул абдан жакшы", - деген ал өлкөдөгү дары-дармектерге коюлган бааны төмөндөтүү боюнча жарлыкка кол коюп жатып.

Май айында АКШнын Аллергия жана жугуштуу оорулар институту ремдесивир препараты чындыгында эле COVID-19 илдети менен ооруган бейтаптардын сакайышын тездетерин далилдешкен. Клиникалык изилдөө жүргүзүүгө коронавирус менен ооруган 1 миң 63 бейтап катышкан. Ремдесивир препараты колдонулган бейтаптар батыраак сакайганы, ошондой эле өлүм саны дагы аз болгону байкалган.

Буга чейин ремдесивир дарысы эбола оорусуна каршы колдонулуп келген.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 4 миллион 176 миң 716 адамдан коронавирус аныкталып, тилекке каршы, 146 миң 384 адам каза болсо, 1 миллион 279 миң 414 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
TalaCSKA
2020-07-26 12:04:54
Нефть и газ керек болгондо типа заботливый отец болуп калат корунгон тешикке мурдун тыгып, жан керек болгондо мен жашайын сен ол болуптур да США байке.
+10
ZUXRIDDIN20
2020-07-26 12:27:38
Бул жакшы жанылык эмес
+5
Tyty1990
2020-07-26 12:47:01
Америка Кытай еврей булар максаты башында эле билинген. Мусулмандарга каршы ар кандай багыттагы бүт тосууларды ойлоп таап жатышат. Эмнеге антип жатышат? Себеби Европа Азия бүт дүйнө боюнча ислам динин кабыл алгандар көп болуп бараткан. Ошондуктан булар Меккеге вирусту ташташкан. Ошол жерден дүйнөгө тарады. Аллахым баарыбызды оору сыркоодон сактасын
-3
-BOSS-
2020-07-26 12:51:32
Tyty1990, меккеге ташташканын көрдүңбү? Кичине окшоштуруп айтчы, сенин айыңдан бүт Мусулмандар "жалганчы" көрүнүп калат, укпайт деп ушак айтпа тууганым.
+7
satyke
2020-07-26 15:26:43
Tyty1990,фейк маалымат учун жооп берип калба.Абайлап жазсанчы.
+5
akmanai
2020-07-26 19:24:49
Tyty1990,Бир гана мусулмандар олуп, башка динди туткандар олбой жаткан дай жазасынар го. Ой жугуртуунузго Караганда бир кызыктай адам окшойсуз. Фантазиясы менен ар нерсе ни ойлоп таба берген странный адамдар бар го ошондой
+3
Alinur96kg
2020-07-26 20:31:58
Тыты брат фантастика китеп жазсан болчудай экен.Вирус кытайдан чыкса,Мекке ошондо кытайда болуп калабы?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан