Нью-Йорк шаарында зоопарктагы жолборс адамдан коронавирус жуктуруп алды

АКШнын Нью-Йорк шаарында зоопарктагы Наде аттуу төрт жаштагы жолборс коронавирус оорусун зоопаркка көрүүчү катары келген адамдан жуктуруп алган. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

"Дүйнөнүн кайсы бир жеринде адам жаныбарга оору жуктуруп, жаныбар ооруп калат деп уккан эмеспиз" деп билдирген зоопарктын башкы ветеринар дарыгери Рейтер Пол Калле.

Кургак жөтөл Надеде, андан чоң ургаачы жолборс (эжеси) Азулда, дагы эки амур жолборсторунда, үч африкалык арстанда пайда болгон. Дарыгерлер 4 жаштагы Надеден тест алган учурда коронавирустун белгилери аныкталган. Учурда алардын тамакка табиттери жок болуп жаткандыгы жазылат маалыматта.

Буга чейин адамдан коронавирус 2 итке жуккан, ал 2 учур тең Гонконгдо катталган. Мындан тышкары Бельгияда кожоюну бул илдетке кабылган мышык да коронавирус менен ооруп калган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
emirchik
2020-04-06 22:38:06
Бул вирус опасно окшойт Мал келге да маска тагат окшойбузго
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан