Бүгүн, 13-июнга карата коронавирус жана пневмония илдетинен жабыркаган 1 миң 976 бейтап стационарларда дарыланып жатса, 2 миң 820 бейтап амбулатордук дарыланууда. Республикалык штабдан ооруканаларда жаткан жарандардын бүгүнкү күнгө карата абалы тууралуу билдирүү жасады. Ага ылайык:
* 20 бейтап - канааттандырарлык абалда;
* 1292 бейтап - орто оор абалда;
* 579 бейтап - оор абалда;
* 85 бейтап - өтө оор абалда.
Республика боюнча илдеттен жабыркагандардын саны жалпы 110 миң 370 болсо, анын 102 миң 633и сакайды. Тилекке каршы, жалпы 1 миң 890 жаран каза болду.