45 жаштагы англиялык Сью Рэдфорд 22-перзентин жарыкка алып келди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Сью Ланкастер шаарындагы мамлекеттик төрөтканада 3 килограмм 200 грамм салмактагы 22-перзентин жарыкка алып келген. Эми жолдошу Ноэль экөө үйүндөгү 11-кызына ат тандоо менен убара. "Кызыбызга ат тандай элекпиз. Баары бир коронавируска байланыштуу кызыбызга туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала албайбыз да", - дейт Сью.
Журналисттерге берген маегинде Сью коронавирус пандемиясынан улам коркконун айткан. "Менин палатама Ноэлди киргизбей коюшабы деп корктум. Бул мен үчүн эң унутулгус жана өзгөчө төрөт болду", - деген каарман.
Белгилей кетсек, Сью тун баласын 14 жашында төрөгөн. Ошондон бери уул-кыздарын удаа төрөп келет.