Жумгалда умрадан келген 3 жаран ооруканага жаткырылды. Коронавируска тапшырган тесттин жыйынтыгы чыга элек

Жумгалда кичи ажылык зыяратынан келген 3 жаран ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Нарын облусунун Жумгал районунда кичи ажылык зыяратына барып келген 3 жаран обсервацияга алынды. Алар коронавируска тест тапшырышкан, жыйынтыгы чыга элек. Эгер тесттин жыйынтыгында вирустун белгилери жок деп чыкса жарандар үйүнө чыгарылат", - деди маалымат катчы.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргыз өлкөсүндө коронавирус менен жабыркагандардын саны 44.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан