Саламаттыкты сактоо министри онлайн маалымат жыйын берди. Коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 270ке жетти (видео, хронология)

Бүгүн, 8-апрелде саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов онлайн маалымат жыйын берди. Күнүгө аталган министрликтин өкүлдөрү коронавирус жуктуруп алгандарды саны тууралуу маалымат берип турат.

2020-04-08 10:13:00

Министр Жалал-Абад шаарындагы жугуштуу илдеттерди дарылоочу оорукана убактылуу жабылганын айтты. "Бүгүн биз бул оорукананы жаап, дезинфекцияга жиберебиз да Ош облустар аралык оорукананын бир корпусун бошотуп, орун даярдайбыз", - деди ал.

2020-04-08 10:11:00

"Обсервацияда 10 миң 97 адам жатат. Анын ичинен 439 киши үй карантинине чыгарылды.Эпидемиялык кырдаал курч бойдон калып жатат. Убагында таап, чараларды көрсөк эпидемиялык процесстин токтошуна жардам берет", - дейт ал.

2020-04-08 10:10:00

"Кечээ Ала-Бука районунда эки киши дарыланып чыгарылды. Бүгүн Жалал-Абадда 10 кишини дарылап чыгарабыз", - дейт ал.

2020-04-08 10:09:00

Анын айтымында, дарыланып чыгарылгандардын саны 25. Ал эми ооруканада 241 адам жатат. 9 адамдын абалы оор. 5 адам жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ал эми каза болгондордун саны 4.

2020-04-08 10:05:00

"Коронавирус жуктургандардын 16сы эркек жана 26сы аял. Бишкекте – 10,  Чүй облусунда – 2, Ош облусунда – 24, Жалал-Абад облусунда – 1, Нарын облусунда – 5", - дейт министр.

2020-04-08 10:03:00

Саламаттыкты сактоо министри билдиргендей, коронавирус жуктургандардын саны 270ке жетти. "8-апрелге карата коронавирусту  42 адам жуктурду. Анын ичинен 13ү медицина кызматкерлери", - дейт ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
katerina.li
2020-04-08 10:19:20
Жаман болуптур. Кундон кунго кобойуп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан