Өзгөчө кырдаалдар маалында өздөрүнүн кесиптик милдеттерин аткарып жатып, вируска чалдыккан дарыгерлерге жана медицина мекемелеринин кызматкерлерине 200 миң сом төлөнөт. Маалыматты республикалык штабдан кабарлашты.
"Эгерде кызматкерлер вирусту жуктуруп алышса 200 миң сом төлөнөт. Ал эми каза болуп калса, анда алардын үй-бүлөсүнө 1 миллион сом акчалай компенсация берүү чечилди", - деп айтылат маалыматта.