Бүгүн, 8-апрелде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов онлайн маалымат жыйын берүүдө.
Ага материалдык резервдер фондунун төрагасы Каныбек Айдаров дагы катышууда.
Жыйында "Коронавирус жуктуруп алгандар тууралуу эмнеге ачык маалымат айтылбайт?" деген суроо узатылды.
"Анткени бул дарыгерлик сыр. Болбосо коронавирус аныкталгандардын баарынын үй даректерине чейин маалыматтары такталган. Алардын аты-жөнүн же жакындары тууралуу маалыматты ачыкка чыгаруу мыйзамга да, этикага дагы туура келбей калат", - деп жооп берди биринчи вице-премьер-министр.