"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирустан каза болгондор миллионго чукулдап калды

Бүгүн, 21-сентябрга карата дүйнөдөгү статистикага ылайык, коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 30 миллион 911 миң 999 болду. Анын ичинен 21 миллион 147 миң 903 бейтап айыгып чыкты. Тилекке каршы, 959 миң 295 адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 6 миллион 796 миң 384 адамдан коронавирус аныкталды. 199 миң 474 адам каза болсо, 2 миллион 590 миң 671 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 5 миллион 400 миң 619 адамдан аныкталды. 86 миң 752 адам каза болсо, 4 миллион 303 43 миң бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Аталган өлкөдө 4 миллион 544 миң 629 адам вируска кабылган. 136 миң 895 бейтап көз жумса, 3 миллион 963 миң 446 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан