Кытайдын түндүк-чыгышында 108 миллиондон ашуун адам карантинге алынды. Бул тууралуу Bloomberg басылмасы жазып чыкты.
Вирус жаңы катталып жаткан Цзилинь провинциясында бардык турак жай комплекстери жабылган. Ага байланыштуу азык-түлүккө үйдөн бир гана адам эки күндө эки саатка чыгууга уруксат берилген. Ошондой эле автобус, темир жол каттамын токтотуп, мектептер жабылып, адамдарды изоляцияга алуу чечими чыккан. Эпидемияны жеңдик деп кубанып отурган эл үчүн бул күтүлбөгөн окуя болууда. Кытайдын мындай чектөөлөрдү киргизүүсү эпидемиянын экинчи толкуну жайылып кетүүсүнөн чочулап, алдын алып жатканынан кабар берет.
Маалыматка ылайык, өлкөдө коронавирус жуктурган 34 киши катталган.