Республикада дагы 10 жаран коронавируска кабылды. Эң көбү Сузактан. Ооругандардын жалпы саны 280ге жетти.
Вирус менен күрөшүп жаткандардын 246сы ооруканада. Алардын ичинен 10 бейтаптын абалы оор, анын бешөө жандандыруу бөлүмүндө жатат.
Жалпысынан 30 жаран айыкты. Дагы 5 бейтап коронавирусту жеңип, ооруканадан чыгарылды.
Соңку күн ичинде дагы 2 медицина кызматкери коронавирус жуктурганы аныкталды. Жалпы 34кө жетти.
Өлкөдө 5-февралдан бери коронавирус боюнча 20 миң 901 анализ алынганы айтылды. Анын ичинен 15 миң 117синин анализи чыккан.
Чет өлкөдө жашаган мекендештердин арасынан 23 жаранда коронавирус аныкталды. Алардын эң көбү Пакистанда.
Күн ичиндеги кабарлардын ток этери Кыргыз өлкөсүндө коронавирус аныкталгандан тарта жарыяланууда. 18-март, 19-март, 20-март, 21-мартты, 22-мартты, 23-мартты, 24-мартты, 25-мартты, 26-мартты, 27-мартты, 28-мартты, 29-мартты, 30-мартты, 31-мартты, 1-апрелди, 2-апрелди, 3-апрелди, 4-апрелди, 5-апрелди, 6-апрелди, 7-апрелди, 8-апрелди окугуңуз келсе, ошол күндү басуу аркылуу тиешелүү шилтемеге өтө аласыз.